www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Органикалык айыл чарба департаментине караштуу Сокулук районундагы май чыгаруучу цехтин, мобилдик тоок ферманын жана биологиялык лабораториянын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдө майдын түрлөрүн алуу үчүн күн карама, сафлор, кычы, рапс, кунжут, жер жаңгак ж. б. эгилет. Департаментте сафлор өсүмдүгүнөн суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт. Мисалы, 1 тонна сафлордун данынан 187 кг май, 740 кг күнжара алынат. Жабдуулардын орточо баасы 2000-3000 АКШ долларына барабар.

“Өлкө ичинде сафлор өсүмдүгүн эгүүнү каалаган фермерлердин саны күн санап өсүүдө. Болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кил май чыгарууга болот”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, мобилдик тоок фирманы куруунун негизги максаты органикалык коопсуз таза азыктар менен ГМОсуз экологиялык азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.

Андан соң, министр Сокулук районундагы "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасын толугу менен реконструкциялоо боюнча сметалык долбоорунун аткарылышын текшерди.

Мындан тышкары, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун жана "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасына барды.

Учурда институттун асыл-тукум биолабораториясында ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Последние новости