www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч округда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого 42 адам арыз берди

Баткен, Кара-Суу жана Ош шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктаганын БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч округда өтчү шайлоого катышууга 42 адам арыз берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке аталган үч округдан шайланган депутаттар Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Айбек Осмонов Райым Матраимов менен байланышы бар деп мандатынан ажыратылган. Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алууну токтотуп, талапкерлерди каттоо процессин баштаганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты болууга белсенгендердин саны:

Баткен округу боюнча — 12 талапкер;

Кара-Суу округу боюнча — 12 талапкер;

Ош округу боюнча — 18 талапкер, анын ичинен экөө — аял.

Последние новости