www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Кармышаков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле мамлекет башчысы кол койгон башка бир жарлыкка ылайык, Айгүл Рыскулова КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Рыскулова аталган кызматка 2020-жылдын февралында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости