www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет

Ал өзү белгилегендей, курулуш тармагынын өнүгүшү мультипликативдик натыйжага ээ, аны менен катар экономиканын башка тармактары да өнүгөт. Ал курулуш компанияларын аймактарда көп кабаттуу турак-жайларды куруу менен аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде тармакты жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, курулуш иштеринин сапаты, өлкөнү курулуш материалдары менен камсыздоо маселелери, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын курулуш компаниялары менен кызматташуу маселеси, өлкөнүн аймактарында курулуш секторуна дем берүү чаралары талкууланды.

«Биз адистештирилген ассоциацияларга ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын андан ары кароосу үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүчү токтом долбоорлорун даярдоосуна мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет. Ошондой эле курулуш тармагы да ассоциация түзүп, бул багытта Министрлер Кабинети менен кызматташа алат», - деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости