www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Укук министрлиги чет элдик бейөкмөт уюмдардын 15 филиалы менен өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу чечим чыгарды. Тизмеде Amnesty International, Human Rights Watch, Эл аралык Карнеги фонду жана "Эркиндик үчүн Фридрих Науман" фонддору дагы бар. "Бул уюмдар Орусиянын мыйзамдарын бузгандыктан чыгарылды", - деп билдирди Орусиянын Укук министрлиги.
Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш башталгандан бери орусиялык жарандык коомго кысым күчөдү. Айрыкча, Роскомнадзор окуяларды тең салмактуу чагылдырууга аракет кылган орусиялык маалымат каражаттарынан алардын материалдарын өчүрүүнү талап кылып, “согуш” деген сөздү колдонууга тыюу салды.
16-мартта Орусия Европа кеңешинен чыгарылган. 7-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны Адам укуктары боюнча БУУнун кеңешинен чыгаруу сунушу дагы колдоо тапкан.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg