www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы «Нур» ачык акционердик коомунун жана «Майлуу-Суу электр лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө министрлер кабинети токтоп турган заводдорду ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча милдеттерди койду.

«Аймактарда көп нерсе шаарды түзүүчү өнөр жай ишканаларынын ийгиликтүү иштешинен, анын ичинде жарандардын жашоо шартынан, инфраструктуралык маселелерди чечүүнүн ылдамдыгынан, жумуш орундарынын болушунан жана жалпысынан социалдык-экономикалык кырдаалдан көз каранды.

Ошондуктан, биз мындан ары да ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо маселелерине дыкат көңүл бурабыз», - деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

«Нур» ААКсы 50 жылдан ашык убакыттан бери атайын жана жарандык багыттагы электр бириктиргичтерин чыгарат. Экспортко багытталган компания учурда буйрутмалардын аздыгынан улам өндүрүштүк кубаттуулугунун үчтөн бирин гана колдонууда.

Майлуу-Суу электр лампа заводунда 1250дөй адам иштейт. Заводдогу айнек чыгаруучу мешти реконструкциялоо жана иш процесстерин модернизациялоо үчүн ишканага инвестиция тартуу зарыл. Бул өндүрүштүн жыл бою иштешин камсыз кылат жана жумушчу орундардын санын 2000ге чейин көбөйтөт.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, өндүрүштү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле жумушчу орундардын санын көбөйтүү максатында электр лампа заводуна инвестиция тартуу же насыя берүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, «Нур» ишканасына учурдагы базаны эске алуу менен продукциянын жаңы рыногун табууга көмөк көрсөтүү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу табышталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости