www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
24.05.2022, 17:03
8029
|

Ошто дайынсыз болуп келген 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17 жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

ӨКМге бүгүн, 24-май түнү, саат 01:00 чамасында баланын туугандарынан ӨКМге билдирүү түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын денеси табылганын билдирген. Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүп берилген.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями