www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Орусия Федерациясынын чек араларына жакындап, Вашингтон мурда иштеп келген коопсуздук архитектурасын жок кылууга багыт алды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коргоо министрлер кеңешинин жыйынында билдирди.

"АКШ азыркы эл аралык коопсуздук архитектурасын толугу менен демонтаждоого киришти, аны антиракеталык коргонуу системасын глобалдык жайылтуу менен орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталык системаларды өнүктүрүү менен коштолду", - деди Шойгу.

Орусиянын Коргоо министринин айтымында, НАТО Орусия Федерациясынын чек араларына жакындап, өзүнүн согуштук дараметин улам арттырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости