www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайгуул милициясы бишкектиктерден 26-майда Евразия экономикалык форум өткөн күнү борбордук көчөлөргө автоунаасын токтоткондордон телефон номерлерин жазып калтырып кетүүнү суранды.

"Ошол көчөлөргө мүмкүн болушунча автоунааларды токтотпоону жана аргасыздан токтотсо, автокөлүктүн алдынкы терезесине уюлдук телефондун номерин жазып калтырып кетүүнү өтүнөбүз. Анткени кырдаалга байланыштуу машинаны алдырууга туура келсе калтырылган номер аркылуу айдоочусун чакыра алабыз. Эгер жок болсо айла жок, эвакуатор менен жүктөп кетүүгө туура келет", — деген Айтикул уулу.

Кайгуул милициясы, мындан сырткары, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан айылдардагы жашоочуларды ал күнү малын ошол аймактан алысыраак кармоону суранган. Милиция кызматкерлери ал жерлерди курчоого аларын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости