www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Бакыт Төрөбаев? 

Кыргыз саясатында иши менен бааланган, интригага алдырбай, натыйжага иштеген инсандар сейрек. Ушул өңүттөн караганда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин ысымын өзгөчө белгилөөгө болот.

Бакыт мырза саясатчы катары бышып жетилген, өндүрүш менен экономиканын мыйзам ченемдерин терең түшүнгөн жетекчи. Айыл чарба тармагында кыска убакытта эле системалуу иштерди жолго коюп, конкреттүү жыйынтыктарды көрсөтө алды. Суу ресурстарын туура пайдалануу, дыйкан-фермерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү багытындагы аракеттери анын ишке прагматикалык көз караш менен караарын далилдеди.

Анын ишмердигиндеги эң башкы өзгөчөлүк – жоопкерчилик жана токтоо мүнөз. Интригадан алыс, сөздөн көрө ишке басым жасайт. Өлкө экономикасынын реалдуу секторуна таянган саясат жүргүзүп, салмактуу чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн мекенчил. Мындай сапаттар коомчулукта ишеним жараткан, салмагы бар саясатчынын белгиси экени талашсыз.

Последние новости