www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам баласы али толук бойдон баш ийдире элек Амазондун калың токойлорунда Серро Эль Коно аттуу өзгөчө тоо асман тиреп турат. Алыстан караганда ал табият өзү кургандай так, үч кырдуу пирамидага окшош. Дал ушул өзгөчө формасы, аны илимпоздор үчүн да, жергиликтүү эл үчүн да табышмактуу кылып келет.

Бул тоо Перу менен Бразилиянын чек арасындагы, дээрлик изилдене элек Сьерра-дель-Дивисор аймагында жайгашкан. Бул жер биологиялык ар түрдүүлүгү менен дүйнөгө белгилүү. Айрым жаныбарлар менен өсүмдүктөр илимге жаңы ачыла элек сыр болсо, ал эми айрым жергиликтүү уруулар азыркы цивилизация менен алигиче байланыш түзө элек.

Илим Серро Эль Кононун пирамида сымал көрүнүшүн байыркы вулкандык процесстер жана узак жылдардагы эрозия менен түшүндүрүүгө аракет кылат. Бирок токой арасында жашаган эл үчүн бул жөн гана геологиялык объект эмес. Алар тоону ыйык деп эсептешет.

Кечуа элинин уламыштарында Серро Эль Коно – Апу аттуу тоо рухунун мекени. Апу – жерди, ташты, адам менен табияттын ортосундагы тең салмакты сактаган күч. Эл ишениминде, адам жаратылышка залакасын тийгизсе Апу эскертет же жазалайт. Айрымдар түнкүсүн чокунун үстүнөн билинер-билинбес жарык көрүнөт дешет. Ошол учурда токой тыптынч болуп, айланада өзгөчө оор тынчтык өкүм сүрөт имиш.
Тарыхчылар бул ишенимдер Инк империясынын доорунан бери уланып келатканын белгилешет. Ал кезде ар бир ыйык тоо адамдар менен рухтар дүйнөсүнүн ортосундагы көпүрө катары кабыл алынган. Серро Эль Коно да байыркы саякатчылар үчүн багыт көрсөткөн, символдук мааниге ээ чоку болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Бул тоого жетүү бүгүн да оңой эмес. Калың джунгли, нымдуу аба ырайы, жолдун жоктугу көптөгөн экспедицияларды артка кайтарган. Ал эми жергиликтүү эл чокуга чыгууга дээрлик батынбайт. “Тоо тирүү” жана анын сырын бузган адам мурункудай болуп кайтып келбейт деген ишеним жашайт.

Серро Эль Коно – бул табияттын гана эмес, адамдын аң-сезиминин да күзгүсү. Ал миф менен чындык, илим менен ишеним чырмалышкан мейкиндик. Балким, дал ушундан улам анын сырлары толук ачыла элек. Кээ бир табышмактар адамзаттын өз тең салмагын жоготпошу үчүн ошол бойдон калуусу керектигин Амазондун бул унчукпас пирамидасы эскертип тургандай.

Последние новости