www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда климаттын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилеп, экологияга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. Айтымында, акыркы 70 жылда өлкөдөгү мөңгүлөр 16 пайызга кыскарып, бул өзгөрүүлөр түздөн-түз Ысык-Көлгө таасир этүүдө.
Илимий маалыматтарга ылайык, 1854-жылдан бери Ысык-Көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, суунун көлөмү 85 миллиард куб метрге азайган. Көлгө куйган дарыялардын саны да кескин кыскарган. Мурда 100дөн ашык дарыя агып кирсе, азыр болгону 30га жакыны гана калган.
Мындай шартта бийлик Ысык-Көлдүн келечеги үчүн чаралар көрүлөрүн убада кылууда. Бирок ошол эле учурда көл жээгинде мыйзамсыз курулуштар, экологиялык талаптарды эске албаган долбоорлор күчөп, ал тургай “Асман” аттуу жаңы шаар куруу планы талкууга алынууда.
Суу тартылып, экосистема алсырап турган маалда шаар куруу Ысык-Көлдүн нукура табиятын сактоого эмес, аны соолутууга алып баруучу кадам катары коомчулукта суроолорду жаратууда. Ысык-Көл – жөн гана туристтик объект эмес, улуттук байлык. Анын тагдырына кайдыгер мамиле кылуу келечек муундарга жасалган кыянаттык болбойбу деген суроо бүгүн мурдагыдан да курч турат.