www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги отчеттуулуктун жана эсепке алуу формаларын оптималдаштыруу, ошондой эле онлайн каттоону киргизүү максатында калкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна киргизүү эрежелерин жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды баштады. Министрдин орун басары Бакыт Жангазиев, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү боюнча адистер жана практикалык дарыгерлер курамына кирген жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын медициналык кызматкерлер үчүн бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү максатында башталды, анткени алардын ишинин негизги убактысы калктын саламаттыгын сактоо жагындагы чараларды түздөн-түз ишке ашырууга багытталуусу тийиш.

"Бүгүнкү күндө медициналык мекемелердин дарыгерлери жана медайымдары бейтаптарга берилген 26 түрдөгү иш-аракеттер журналын, 45 түрдөгү отчеттуулук бланктарын жана 100гө жакын түрдөгү каттоо бланктарын толтурууга аргасыз. Маалыматтары кайталанып жана/же актуалдуулугу талап кылынбай калган документтерди түзүүгө көп убакыт сарпталышы керек", - деп белгиледи Б.Жангазиев.

Министрдин орун басары Б.Жангазиев белгилегендей, дарыгердин милдети диагноз коюу жана тийиштүү дарылоону жазуу. Бул үчүн ал ар бир бейтапка орто эсеп менен 15 мүнөт бөлүп бериши керек. Бирок иш жүзүндө убакыттын бир бөлүгү кагаз иштерине жумшалат.

"Дарыгерлер менен жолугушууда баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлери өзүнчө документтерди ашыкча деп эсептей турганын белгилешти. Оорулуулардын агымы көп болуп, реестрлер жана башка документтер толтурулуп, узун кезектер жаралган учурлар болот. Бул адамдардын мыйзамдуу нааразычылыгын жаратууда. Кээде бейтаптар дарыгерге жазылуу үчүн көпкө кезек күтүүгө туура келет. Анткени кызматкерлердин мойнуна көп түйшүк бар. Алардын көбү иш кагаздарына байланыштуу. Биздин милдет – медицина тармагына түздөн-түз тиешеси жок, медицина кызматкерлерине болгон жүктү азайтуу", - деди Б.Жангазиев.

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топко практикалык мааниге ээ болбогон кайталоолорду камтыган документтерди жана отчетторду оңдоп, санын азайтуу милдети тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги иштин жыйынтыгы медицина кызматкерлери үчүн гана эмес, калк үчүн да пайдалуу болот деген ишенимде. Ал эми дарыгерлер жана медайымдар убактысынын көбүн отчеттук документтерди толтурбастан, бейтаптарды дарылоого арнай алышат.

Топтун ишинин алгачкы жыйынтыктары апрель айынын аягында чыгарылат. Иштин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине санариптик трансформацияны эске алуу менен дарыгерлердин бюрократиялык жүгүн азайткан жаңы процедуралар жана отчеттуулук процедуралары сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости