www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош шаарында "Орусия менен бирге болсок жеңилбейбиз" деп аталган колдоо митинги болуп өттү. Бул тууралуу акцияга катышкан жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.
"Акцияга чыккандардын арасында кыргыздар да, орустар да болду, жалпы жонунан 300дөй киши чогулду. Алар өз сөзүндө негизинен Орусия Кыргызстандын жакын досу жана башкы өнөктөшү экенин айтып жатышты", — дешти уюштуруучулар.
Иш-чаранын катышуучулары колуна “Кыргызстан батыштын колониясы эмес!”, Биз Орусия менен!”,”Биз мигранттар менен!”, “Батыштын саясаты элдин азабы”, “Орусиянын коопсуздугу биздин коопсуздук” деген жазууларды кармап турушкан. Катышуучулар эки-үч саат туруп тарап кетишкен.
Булак: NazarNews.kg