www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус аскерлери качкындарга жамынып Мариупольдон Бердянскты көздөй кетүүгө аракет кылган украин коопсуздук кызматкерин кармашты. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Кармалган адам өзү тууралуу 1997-жылы Киев облусунда туулган, аты Владимир К. экенин айткан. Ал 2019-жылы Аскердик байланыш жана маалыматташтыруу институтун бүтүргөндөн кийин Чернигов шаарындагы 5-байланыш полкуна радиорелейлик станциянын начальниги болуп дайындалган.
Анын айтымында, эскилер жаңы келгендерге жек көрүү менен мамиле кылышкан – "биз бул жакка Американын кыймылы аркылуу келдик деп ойлошкон",- деп айткан кармалган адам.
Ошол себептен Владимир согуш талаасынан качкындын түрүн жамынып качууга аракет кылган, бирок тутулуп калган.
Белгилей кетсек, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка, геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Булак: NazarNews.kg