www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Орусиянын президенти Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусуна көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калындын пикирине таянып РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Түркия бул жолугушууга жардам берүүгө даяр экендигин Ибрагим Калын "Star" гезитине маалымдаган.

Эки лидердин ортосундагы мамиле бири-бирине каршы экенин белгилеген Калын, буга карабастан лидерлердин элдин тынчтыгы жана коопсузду үчүн бир столго биригерине үмүт кылганын айтты.

Белгилей кетсек, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости