www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Бакытбек Жумакадырович, Июнь окуясы боюнча тергөө башталды. Апрель окуясынын катышуучусу катары ошол мезгилдин чындыгын окурмандарга айтып бере аласызбы?

— Өзүм билген чындыктын негизинде айта турган болсом, биз апрелде Убактылуу өкмөттү бийликке алып келели деп революция кылган эмеспиз. Биз, электр жарыгынын жана телефондук байланыштын баасынын кымбатташы боюнча нааразычылык акция менен чыгып, Курманбек Бакиевдин ушул маселелер боюнча көңүл бурушун талап кылганбыз.

Экинчиден, бизде ошол мезгилде саясий тажрыйба болгон эмес. Мына ушунун себебинен революция жасалып, аягы төңкөрүшкө айланды. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү муну пайдаланды.

А булар ошол кездеги кырдаалдан пайдаланып Текебаев баштаган убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү биригип, “бул шансты колдонбосок болбойт, биз бийликтен запкы жедик, чөнтөгүбүздө тыйыныбыз жок” деген мааниде келе калды дагы, куру кыйкырык ураандарды айтып, элди алдап, караламан калкты ээрчитип кеткенге үлгүрүштү.

Келишкенден кийин “бизге бул президенттик башкаруунун кереги жок, парламенттик башкарууга өтөбүз” деп Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ашыкты. Эмне себептен? Эмнеге дебейсизби? Булар Парламенттик системаны киргизип туруп, министрликтерди ич ара бөлүшүп алышты. Текебаев “мен конституция жазышым керек” деп чыкты.

Текебаевден Конституция жаз деп эч ким суранган жок да. Башкаруу берилгенден кийин Текебаев жаңы Конституцияны жазыш үчүн ал жактан, бул жактан, ар кайсы мамлекеттердин Конституциясынан үзүп алып чогултуп, парламенттик Конституцияны жазып чыкты.

Убактылуу өкмөттүн мыйзамын кабыл алып, ошол мыйзамдын негизинде апрелден баштап 2010–2011-жылдын декабрына чейин Роза Отунбаеваны өлкө башчылыгына коюшту. Бирок, булардын курсактары ачка экендигин ошол мезгилде эч ким билген эмес экен.

Өздөрүнө ыңгайлашкан мыйзамдардын негизинде мурунку бийликтен калган мүлк болобу, акча болобу баардыгын өздөрүнө ыйгарып, мыйзамдаштырып алышты. Мамлекетке анча-мынча эле өттү.

Карапайым эл билбейт. Булар канча деген акчалар, атайын банктагы акчаларды, которууга үлгүрбөй калган акчаларды, ошол эле “Азия универсал банктагы”, “Ысык Көл инвест банктагы” акчалардын баарын өздөрүнө ыйгарып алышкандыктары маалым.

Ошол эле ячейкадагы акчалар жөнүндө да көп сөздөр болуп жатат. Булар биз мамлекеттин казынасынан мынча алдык, мынча короттук, мынча мамлекетке өттү деп ачыктаган документтери жок.

Ошонун баардыгын “Мен тастыктайм, ким күнөөлүү болсо жазага тартам” деп Атамбаев кыйкырып баштаганда эл ишенип, президент кылды. Башкалары бийликке келе алмак эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинде жалгыз Атамбевде гана акчасы болгон.

Башкасында акча болгон эмес. Роза Отунбаева өзүнүн квартирасын ремонт кылып алып, ошонун акчасын төлөй албай тепкичте ыйлап отурганы жөнүндө ошол мезгилде гезиттерге жазылган.

— Демек, бул жерде маселени акча чечип кеттиби?

— Ооба, акча чечкен. Интернетти ачсаңар «Форумдан» акча алдыңарбы?» деп ар бир шайлоо участкасынан чалуулар болгон. Мына ушунун баарын өз ордуна коем, адилеттүүлүктү орнотом, сот системасын жаңыртам, Кумтөр, Жер-Үй маселелерин чечем деп Алмазбек Атамбаев элге айткан.

Алмазбек Шаршеновичке биз ишенип, ишенбей турган кезде филармонияда Конституцияга Кудай жөнүндө сөз киргизгиле деген сөзү бар. Бул сөзүнөн кийин эл, Кудай деген адам экен деп ишенди.

Мына ушул сөздөрүнүн таасиринен улам Атамбаев элдин ишенимин таап бийликке келди. Атамбаевдин бийлиги учурунда Кыргызстандын ичиндеги контрабанда, коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөдү.

— Сиз Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Атамбаевде акча бар эле дедиңиз. Ал мезгилге чейин Атамбаев ал акчаны кайдан алган?

— Ал акчаны Атамбаев кайдан алгандыгы жөнүндө Аскар Акаев айтып: “Жазуучулар союзуна Чыңгыз Төрөкулович суранганынан 50 миллион рубль бөлгөм. Айтматовдун орун басары катары Алмазбек Атамбаев завод сатып алабыз деп акчаны алдап алып, бербей койгон” деген.

Муну жөнөкөй киши айтып аткан жок. Муну экс-президент айтты. Акаев муну азыркыга чейин айтып жүрөт. Андан кийин Атамбаев “Кыргызавтомаш” баштаган заводдордун акцияларын сатып алган, муну эл билген эмес. Акцияны сатып алгандан кийин ал заводдун кожоюну болуп калат деген түшүнүк элде болгон эмес.

Атамбаевдин бул иши ачыкталгандан кийин Акаевге каршы чыккан. Бул жөнүндө да Акаевдин өзүнүн маегинде кеңири айткан жайы бар. Аскар Акаевичке Чыңгыз Төрөкулович эки жолу кайрылып, жазуучуларга бөлүнгөн акчаны Атамбаев кымырып алгандыгын түшүндүргөн экен.

Кийин, Атамбаевдин “мен кыргыз элинин тагдырына түкүрдүм” деген кадамы — ​өзүнүн шоопуру, белгилүү “жемкор” аталган Икрамжан Илмияновду алып барып президенттик администрациясынын орун басары кылып дайындаганында билинген.

Бул жалпак тил менен айтканда “мен өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген сөз. Илмияновдун билими болбосо, же мамлекеттик кызматта иштебесе, кантип койду? Акаев дагы өз шопурун мынчалык эркелеткен эмес эле.

Илмяновдун эл арасында “шумахер” деген лакап аты гана бар болчу. Ал майлуу кызматка келди дагы өз диктатурасын орнотту, бир депутат же бир министр Илмияновсуз иш кылбай калды. Атамбаевдин кабыл алуусун күтүп бир киши отурса, Илмияновдун кабыл алуусун күтүп 31 киши отурган ошол кезде.

Атактуу биздин эмгек сиңирген кишилер каза болуп калса, анын тажиясындагы оркестрге чейин Илмиянов чечип атты. Анын уруксатысыз оркестр ойнолбой калган. Бул эмне дегенди түшүндүрөт? Бул деген, ошол кездеги саясий оркестрдин дирижеру Илмиянов дегенди түшүндүрөт. Муну Атамбаев өзү деле билген. Биздин оюбузча ал кишиге өзүнүн “долясын” шопуру берип атты окшойт.

Ал киши билгениңди кыла бер деп атты менимче. Муну жалгыз эле мен айтып жаткан жокмун. Дагы бир маселе, ошол мезгилдеги кандуу окуяларга Убактылуу өкмөттүн канчалык күнөөсү бар экендигин билиш үчүн, аны далилдеш үчүн биз Бакиев Курманбек Салиевичти алып келишибиз керек.

Аскар Акаевди алып келдикпи, эми Бакиевди да алып келишибиз керек. Келсин, өз чындыгын, элге көрсөтмөсүн берсин. Бакиев көрсөтмө бергенден кийин баары ачыкталат. Бирок, бул кишинин коопсуздугун көзөмөл кылып, сот иштери тергелип бүткөнчө камсыздалыш керек. Мына, Аскар Акаев Кумтөр боюнча көрсөтмө бергендей эле, Курманбек Бакиев 7-апрель жана Ош окуясы боюнча көрсөтмө бериш керек.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү азыр Ширшовду, Манасчы Дөөлөттү уу-дуу кылып коомдук пикирди башка нукка бурганга аракет кылып жатат. Муну түшүнгөн киши же ошол эле 86 баланын ата-энеси “Курманбек Салиевич, биз сизди кечирдик же кечире албайбыз! Бирок, ушул бойдон чындыкты билбей өтүп кетпешибиз керек.

Ким аткан, ким кайсы жерде турган” деген кабыргасынан коюлуучу сурактар бар да. Эл дагы чындыкты билгиси келет. Мисалы, Азимбек Бекназаров “Акүйдүн үстүндө Бакиевдин снайперлери турган” деп айткан. Кана ошол снайперлер?

Мына ушуну эки жак тең тастыкташ керек. Карапайм эл жөн эле кээ бир саясатчылардын жеке кызыкчылыгы үчүн өлө бербеш керек да. Атамбаевдин бийлиги Апрель окуясы боюнча сотту цирк кылышты. Шоу болду.

Мына ошол кезде “Мен обьективдүү чечем, аягына чыгарам” деген генерал, аскер сотунун төрагасы Нурлан Ашымбеков болгон. Ошол ишти аягына чыгарам десе, куугунтуктап иштен алып салышкан.

— Эгер Бакиевди алып келүү маселеси ишке ашса, коомдо жаатташуу көйгөйү тутанбайбы?

— Ооба, бул көйгөйдү чыкпайт деп кепилдик жок. Атамбаевге окшогон кызыкдар адамдар бар экендигин унутпайлы. Бирок, түндүк-түштүк маселесин айрыкча Убактылуу өкмөт аябай колдонгон. Эл ичинде мындай кайчы пикир жокко эсе.

Мына мисалы түндүк-түштүк акимдери ротациялык ыкманын негизинде иштеп жатышат. Эки жактын эли бири-бири менен кудалашып келген, куда-сөөк болуп калышты. Биз бөлүнбөшүбүз керек, бизге ынтымак зарыл. Сиз айткан суроого келсек, мындай маселелер боюнча коомдук пикирди ушакчылар жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан кызматка отургандар жайылтып, кандайдыр бир митингдерди уюштурушу мүмкүн.

Жаатташуу көйгөйү жөн эле чыга калбайт. Бул кайсы бир топтун кызыкчылыгы же артында бир мандеми бар гана кишилер уюштурат. Менин оюмча, Садыр Нургожоевич буга жол бербейт. Себеби, президент Жапаровдун кандай иштеп жаткандыгын, эмне кылып жаткандыгын бир жарым жылдан бери көрүп жатабыз. Алгылыкту иштерди жасоодо.

Мисалы, Алексей Ширшовго кылмыш иши Убактылуу өкмөттүн, андан кийин Атамбаевдин учурунда козголуп тергелген. Эмне үчүн, ошол мезгилде бул иштин аягына чыккан эмес. Алексей Ширшов ошол мезгилде штраф жана башка нерселердин негизинде кутулуп кеткен экен.

Эгер ошол убакта адилеттүү тергелгенде азыр түрмөдө отурат болчу. Ширшовдун иши Бакиевдин, Жээнбековдун, Жапаровдун күнөөсү эмес да. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн жана президент болуп турган Атамбаевдин шалаакылыгы.

Ширшов дыкат текшерилип, ачыктыкка чыгара турган болсо, Убактылуу өкмөттүн абийири ачылат. Көрсөтмө бере турган Ширшовдон башка да көп адамдар бар, аларга кепилдик бериле турган болсо, Апрель жана Июнь окуялары боюнча чындыкты айтып беребиз деп жатышат.

— Сиз жоопкерчилик Убактылуу өкмөттө көп деп жатасыз. Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Отунбаева экс-президент макамы менен жашап жатат. Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаровдор элчилик кызматка кетишти. Бул кишилердин мыйзамдын негизинде кол тийбестиги каралган. Айтыңызчы, Апрель жана Июнь окуялары адилеттүү, калыс чечилиши мүмкүнбү?

— Эми мындай, президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев апрель окуясы боюнча көрсөтмө берди. Булар объективдүүлүк жана адилеттүүлүк үчүн барышты.

Азыркы иликтенип жаткан Убактылуу өкмөттүн иши, апрель жана июнь окуялары ачыкка чыгып, бүт элдин алдында ачык сот өтүш керек деп жатат. Азыркы Конституция боюнча Садыр Нургожоевич көрсөтмө бергенге эч кандай милдеттүү эмес.

Бирок, ошого карабай көрсөтмө берди да. Эгер мурунку бийлик болгондо президент барып көрсөтмө бермек беле? Же УКМКнын башчысы көрсөтмө бермек беле? Эми, Роза Отунбаеванын “экс-президент” деген макамын алып коюнун өзүнүн процедурасы бар.

Ал макамды БУУ же Муфтият берген жок да. Аны Конституциянын негизинде мыйзам берген жана мыйзам менен ала алат. Азыркы бийлик туура кылып жатат. Муну териштирип баштаганда ошол кездеги факт менен Атай Садыбакасов деген Роза Отунбаеванын баласы болгон.

Ал ошол учурда Англиядан үй алып жатат. Ал документальный алган. Анын алганы боюнча көрсөтмөлөрү менен интернетке чыккан. Муну мен эле айткан жокмун. “Жок, биз алган эмеспиз” десе эмне үчүн Роза Отунбаева сотко берген эмес? Себеби эмне?

Эгерде баласы Лондон шаарынан сатып албаса сотко берип туруп, документти тараткан адамдарды жоопкерчиликке тартыш керек эле да. Мен сүттөн акмын, үй алган эмесмин деп далилдейт болчу. Бирок, булар чогуу иш алып барып июнь окуясын басып, өзбек менен кыргызды кагылыштырбайбыз деп иш жасаган эмес. Кадыржан Батыров менен Убактылуу өкмөт эмнеге жолуккан?

Кийин эмне үчүн аны өлкөдөн качып кетүүгө жардам кылышкан? Бирок, булар келгенден кийин Ош окуясы башталып, ошондогу маалыматтарга караганда 600дөй адам каза болгон. Булардын өлүмүнө да кимдир бирөө жооп бериш керек. Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыров менен сүйлөшүүлөргө барып, “Автономия беребиз. Азыр биз ордубузга отуруп алалы” деген келишимдин негизинде сөз беришкени жалганбы?

Бул маалыматтар дагы интернетте бар. Өзбектерди бийликке коебуз, аким, губернаторлук кызматтарга бекитебиз деген сындуу убадаларды беришкен. Эмне себептен убада беришти? Булардын максаты Кадыржан Батыров эмес, бийлик болгон да.

Эгер азыр Кадыржан Батыров тирүү болгондо алып келип, көрсөтмө алганда 2010-жылкы Июнь окуясы 95 пайызга ачыкка чыкмак.

— Кадыржан Батыровду сыртка качырып, Убактылуу өкмөт сатып кетти дегенге негиз барбы?

— Сатып кетишти. Элибизге айта турган эки эле далили бар. Биринчиси, Кадыржан Батыровго дипломатический паспорт берип “Кадыржан сен сыртта туруп тур” деп Алмазбек Шаршенович сүйлөшкөн экен.

Экинчиси, “Курал-жарак жана башкалар боюнча эч кимди жоопко тартпайбыз, силер тынчтанып отуруп тургула, биз бийликке келсек баары чечилет” деп сүйлөшүп өзбектерге убада беришкен да.

Ошол эле убакта Роза Отунбаеваны убактылуу президент кылып шайлап, легитимдүүлүктү алып, андан кийин жеп-ичкендерин аш кылуу максаты болгон. Буларга өзбектер да, өлкөнүн стабилдүүлүгү да керек эмес болгон. Ошол мезгилде Исмаил Исаковдон башка ким барды түштүккө? Булар барып кыргыз-өзбек улуттук чырдын алдын алып басып коюунун ордуна Бишкекте отуруп алышты.

Мына, Убактылуу өкмөттүн тең ата сүйлөшө албастыгынан, калыссыздыгынан Белорусиянын президенти Лукашенко Россиянын президенти Путин жана башка өлкөлөрдүн президенттеринин көзүнчө сөгүп, “бандит” дегенге чейин барган.

Бул да интернетте бар. Мындан башка Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун айткан сөздөрү бар да. Эгерде Бакиевди жаман дей турган болсок, Бакиевдин убагында министр болуп Атамбаев да кызматка барды.

Кана бүтүргөн иши? Ооба, ал азыр түрмөдө отурат. Түрмөдө саясатчылардын көпчүлүгү отурган. Кала берсе Ленин, Сталин, Садыр Жапаров дагы отурган. Эмне экен, түрмөдө отурса. Түрмөдө отура турган иш кылса, отурат. Ошол жерде да жөн отурбай, сотто эшик тепкилейт. Президент болуп өлкө башкарган адам үчүн уят да бул.

— Атамбаевдин эшик тепкилегени, коомчулук тарабынан “интриган” деген лакап ат алды. Буга кандай баа бересиз?

— Атамбаев биринчиден эркек. Сен жакшысыңбы, жамансыңбы ажо болгонсуң. Сен түрмө болсо да татыктуу отур да. Тура калып көчө балдарынын деңгээлине түшүп, эшик тепкилеп, оорумуш боло калып, сотко барбайм деп тополоң кылбай эле, көрсөтмөнү бер да.

“Күнөөм болсо, жазамды алайын, күнөөм жок болсо акталайын” деп айтпайбы. Бирок, коррупциянын гүлдөгөн мезгили Атамбаевдин учурунда болгон. Мына азыр Садыр Жапаров ооздуктап бүтө албай жатат. Бүтө да албайт. Бүтүшүнө дагы он жыл бар.

Эгер Атамбаев адилеттүү болуп иш алып барса, Ош окуясындагы 600дөй адамдын, апрелдеги 86 баланын өлүмүн иликтеп ордуна койгондо тарыхта калмак. Отуруп алып эшикти тепкилегени “дешёвый вариант” болуп калды.

— Эми сиз айткан адилеттүүлүккө бүгүнкү Жапаров башында турган бийлик жетеби?

— Эгерде, азыркы бийликте саясий эрк болсо, ашып кетсе эки жылдык жумуш.

— Кандай кадамдарга барыш керек?

— Апрель жана июнь окуясын ачык сот кылып өткөрүү керек. Экинчиден, күбөлөрдүн арасында күнөөсү бар же коррупционер экендигине карабай мыйзамдын негизинде кандайдыр бир жеңилдиктер жана кепилдик берилиши керек.

Үчүнчүдөн, Курманбек Бакиевдин коопсуздугун камсыздап алып келиш керек. Ушул кезге чейин Бакиевдин өз чындыгын айттырбай келишти. Анын да инсан, мурдагы өлкө башчысы катары элибизге айта турган өз чындыгы бар. Айтсын…

Мына ошондо ачык соттун негизинде баардык кылмыштардын бети ачылат. Мунун аркасында канчалаган миллион, миллиарддаган жоголгон акчалардын изи чыгат.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости