www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Чымкент шаарындагы төрөт үйүнүн жанындагы жарылуудан каза тапкандардын саны үч кишиге жетти.

Алгач өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кароолчунун өлгөнүн кабарлаган, кийинчерээк 42 жаштагы жумушчу жана 18 күндүк ымыркай да жарык дүйнө менен коштошкону белгилүу болду.

Дагы сегиз киши ооруканага жаткырылды.

“Окуя маалында перинаталдык борбордо 189 бейтап жана 65 кызматкер болгон. Алардын баары Чымкенттин башка медициналык уюмдарына көчүрүлдү. Психологдордун иши уюштурулду”, - деп билдирди министрлик.

Чымкенттеги жарылуу 21-майда түштө болгон. Өзгөчө кырдаалдар департаменти жарылуудан оорукананын дары даярдаган жери бузулуп, өрт чыкканын ырастаган.

"Өрт өчүрүлдү. Имарттын бир бөлүгү, 130 чарчы метри ураган. Беш кабаттуу турак жайдын жанында жайгашкан батирдин балкону жана терезелери да жабыркаган", - деп айтылган департамент тараткан билдирүүдө.

Баштапкы маалыматтарга караганда, газдын топтолуп калганы – жарылууга себеп болгон. Полиция “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости