www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шыкмаматовго козголгон коррупция оор беренеси боюнча кылмыш иши космостук ылдамдык менен тергөөсү бүтүп соту башталды. Ал эми 300 жер участогун ит бекер сатып жиберген СДПКнын депутаты Музафар Исаковдун кылмыш иши мурун козголгонуна карабастан тергөөдөн чыга элек, 80 миллион сом мамлекетке зыян келтирген деген айып менен Сарпашевке карата козголгон иштен да дайын жок. Эки СДПК чынын иши сотко жетпей "развод" болот окшойт.
Же Шыкмаматовдун 3500 доллар келтирген чыгымы, Сарпашев келтирген 80 миллион сомго, Музафар Исаков келтирген 300 000 долларга караганда коркунучтуурак болуп кеттиби? Жол куруу, сатып алуулар, бажы, энергетика, кредит беруу, кен байлыктарды иштетүү тармагындагы миллиондогон чыгымдарды корсо көрмөксөн.
Албек Ибраимовдун эле "Орлан Групп" компаниясы аркалуу мойсолгон миллиондорчу? Анысы аз келгенсип ал тендерде Шыкмаматовдун колу коюлбаганы, тендерге тиешеси жок экени, автоунаанын базар баасы ошол кезде 10000 эмес 14000 доллар тургандыгы тастыкталыптыр. Тергөө органдары ал унаанын баасын "Азия оценка" фирмасына баалатыптыр, ошол кезде базар баасы 10000 доллар болчу деп. Ошол кездеги "Автогид" гезитинин маалыматтарына таянган имиш. Бирок "Автогиддин" расмий маалыматына таянсак андай унаалар ошол кезде 14000-15000 турчу экен. Демек мамлекет зыян тарткан эмес, анда эмне үчүн Шыкмаматовго коррупция деген эң оор беренени коюшкан? Калыстык, сот адилеттүүлүгү, мыйзамдуулук деген ушу болсо анда жарыган экенбиз кайран эл.
Төмөнкү сүрөттөргө кылдаттык менен көңул бурсак.
Булак: NazarNews.kg