www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бакыт мырза, Кыргызстанда “Эл аралык полиция биримдиги” уюмунун жыйыны болуп өттү. Дегеле аталган уюмдун Кыргызстанга кандай пайдасы бар?

--Мындан беш жыл мурун тактап айтканда 2012-жылдын 25-июлунда Ички Иштер Министрлигинин ардагерлери тарабынан жыйын өткөн. Анда дал ушул уюмду түзүү боюнча чечим чыккан. Бул кадам менен Кыргызстан эл аралык аренадага полицейлердин коому менен бириккен. “Эл аралык полицейлер ассоциациясы» 1950-жылдан бери өзүнүн ишин так алып барат жана ал “Чектөөсүз полиция” деген урааны менен алгылыктуу иш жүргүзүүдө. Буга окшогон дагы ушундай аталыштагы коомдор дүйнө жүзүндөгү эң чоң уюм болуп саналат. Мындай уюм учурда 68 мамлекетте иш алып барат. Ага 40 0000 мүчө тартылган. Аталган уюм бейөкмөт уюм болуп эсептелинет. БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешмесинин алдында SPECIAL статусуна ээ. Ошондой эле, бул уюм – Европа Кеңешмесиндеги консультативдик статуска да ээлик кылат. Европол менен кызматташкан ЮНЕСКОнун жана АКШнын уюмдары менен биргелешкен иш алып барат. Күч органдарында иштеп кеткен ардагерлердин башын бириктирет. Аталган уюмдун максаты жана алдыга коюлган маселелери: уюмдун мүчөлөрүнө социалдык жана  юридикалык жардам берүү, ар кандай маданият жана спорттук иш-чараларды өткөрүү менен бирге эл аралык кызматташууну дагы колго алуу болуп саналат. Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын тажрыйбасын алуу жана тажрыйба менен алмашуу. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын биздин мамлекетте дагы колдонуу. Коомчулук менен милициянын ортосундагы ажырымды бириктирүү жана элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Аталган уюмдун (РОО «МПА») өкүлчүлүктөрү Бишкекте, Ысык-Көл жана Баткен облустарында ачылган.

--Бул уюм качан түзүлгөн?

--Аталган уюм 1950-жылы Улуу Британияда түзүлгөн. Кыргызстан 1912-жылы “Эл аралык полиция биримдиги” уюмуна кирген. Бүгүн 5 жыл стажировкадан өтүп, Кыргызстан ушул 68 мамлекеттин арасына кирди. Уюмдун коомдук тартибин жана коопсуздугун сактоодо бул уюмдун тажрыйбасы кыргыз милициясына чоң көмөк көрсөтөт.

--Рахмат...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости