www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликтегилер парламенттик-демократия орнотобуз деп элди ишендиргени үчүн аларга мандат берилген. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы башкаруу бийлигин парламенттик башкаруу системасы деп айта албайбыз.

«Кыргызстандагы азыркы парламенттик башкаруу системасын таза, чыныгы парламенттик башкаруу системасы деп айта албайбыз. Бирок, 2010-жылы революциядан кийин Убактылуу Өкмөттүн бир топ мүчөлөрү «демократияны орнотобуз, парламенттик башкаруу болот» деп эл алдында калпак кийип, көздөрүнө жаш алып туруп элге убада берген.

Алар парламенттик-демократия орнотобуз деп элди ишендиргени үчүн аларга мандат берилген. Бирок, алар коомдук кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкты жогору коюп, таза парламенттик башкарууну орното алган жок.

Анысы аз келгенсип алар дүйнө мамлекеттерине «биз демократиялык өлкөдө жашап жатабыз» деп мактанып келишет», - деди Аманбаев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости