www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кимдир бирөө бир нерсе деп айтып коё турган болсо, тигил ушинтип айтты деп жатып калмайга өтүп алгансыдык. “Өнүгүүчүлөрдүн” атаманы Бакыт Төрөбаев эл менен жолугуп, “Сиз президент болуп калсаңыз эмне кыласыз?” деген суроого «Мен президент болсом, президенттик резиденция жоюлат, мен силер жашаган үйдө жашап, силер ичкен суудан ичем» деп айтканы кээ бирлер үчүн табылбай эле турган кепке айланды. Бакыт бапылдаганы менен маанисинде эң туура кепти айтыптыр.
Резиденцияда баш калкалап, карапайым калк жашаган үйдөн бөлөкчөүйдө жашаган, кара тамандар ичкен суудан артык суу ичкен, керек болсо “жинди сууга” тоюп алып, доор сүргөндөр элдин жашоосун унутуп, өздөрү менен өздөрү болуп каларын көрүп жатпайбызбы. Төрөбаев айткандай резиденцияны түп орду менен тегиздеп, аны кармаган олчойгон акчаны кара нанга жетпей жүргөн жарандарга жумшап, президенттерди өзүнүн үйүндө жашай бер десек бизди бирөө жыга чабабы?
Булак: "Жаңы ОРДО"