www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тээ Бакиевдин доорунда Атамбаевдин ишенимине кирип, 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Шаршеновичти отко салып баса берген Бакыт Бешимовду билесиңер да. Тогуз жылдан бери бозгунда жүргөн бул эргул жакында мекенибизге кайтып, тууган-урук, бир кездеги алыш-катыштарына жолуккан соң кайрадан көнгөн өлкөсүнө зуу койгону күбүр-шыбыр кепке айланды.
Эми пендечиликте кемчилик кимден кетпейт? Балким бүгүнку бийликтегилер менен өткөн-кеткенин кечиришип алышса, жашы өтүп баратканда качып-бозуп жүрө бербей Кыргызстанга келип алгандан өткөн бакыт барбы?
Бул жерде интрига деле жок, болгону анын өлкөбүзгө келип кеткен жүрүшүн коомчулукка жаңылык катары жарыя эттик.
Балким башынан оош-кыйыштарды көп өткөргөн тажрыйбалуу инсанга кызмат берип, күчүн алсак болот беле?
Булак: "Азия Ньюс"