www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Конституциянын жаңы долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр Элдин талаптарына ылайык сунушталып жатканы жазылат.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 90 эл өкүлүнө чейин кыскартуу сунушталат.

“Конституция жөнүндөгү” мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта бул пункт төмөндөгүдөй жазылган.

“Элдик массанын талаптарын, президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоону эске алуу менен Конституциянын Жогорку Кеңешке тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык 5 жылга шайлануучу 90 депутатты шайлоого сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мажоритардык же пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мамлекет башчысы тарабынан өкмөттү түзүүнү парламенттин макулдугу менен жүргүзүү каралат. Жогорку Кеңеш президенттин ар жылдык кайрылууларын жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат.

Парламентке Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен каралган башка ыйгарым укуктар да берилет.

Мыйзам чыгаруу ишинин практикасын эске алуу менен мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринин санын, аларга президентти жана өкмөт башчысын, алардын карамагындагы маселелер боюнча Конституциялык жана Жогорку Сотторду кошуу менен кеңейтүү сунушталат”, – деп жазылган мыйзам долбоордо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости