www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия аскерлерин Азербайжанга жөнөтөт

Түркиянын парламенти өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдогандын Азербайжанга аскерлерди жөнөтүү тууралуу жарлыгын колдоду.

Түркиянын куралдуу күчтөрүн Азербайжанга жөнөтүү тууралуу меморандум 16-ноябрда кароого коюлган. Документ боюнча, түрк аскерлери 1 жыл Баку менен Еревандын ортосундагы ок атышууну токтотуу макулдашуусунун аткарылышын көзөмөлдөп турушат.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, түрк аскерлери Тоолуу Карабахтын аймагына киришпейт. Түркия Тоолу Карабахтагы абалга Азербайжандын аймагынан гана көз салып турат.

Эске салсак, буга чейин Россиянын аскерлери Тоолуу Карабахга жөнөтүлөрү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости