www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-каналдын кызматкери Бакыт Качкынов учурдагы бийлик тууралуу пикирин өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

"Чоңдорубуз да шалаакы, өзүбүз андан шалаакыбыз! Карантин жарыялабаган Беларустарда ооругандар аз экен. Бизде башаламан, тартип жок! Коркунучтуу вирус бар деп коюп чоңдорубуз чогулуп алып бет-капсыз сүрөткө түшүп дардаңдап жүрөт. Өлкөнү башкаргандар өзүлөрү ушинтип атышса, ким ишенет? Карантин учурда карапайым элге жардам бергендин ордуна акча, шайлоо саясаты менен каалагандай чалчаңдадык! Ооруну текшерүүгө анализ алыш үчүн баасын 3000ге чыгарып салдык. Коронавируска деп келип аткан миллиондогон доллар акчалар кимге, эмнеге кетип атканын билген бирөө жок.

Жумушу жок, нанга акча таба албай аткан адам кантип анализ тапшырат! Ооруса да базарда отуруп жан үчүн акча табайын дебейби. Анын кесепетинен канча адамга оору жугуп жатат!? Башынан катуу тартип талап кылыш керек болчу! Дүкөндөргө кирип атканда температура ченеген аппарат менен киргизип атышты, анысы бир күнү 38ди көргөзсө бир күнү 34тү көргөзөт, бир күнү такыр эле иштебейт.

Базарларды ачып салдык эле, маска эмес күн ысыкта кээ бирөө байпаксыз басып калышты. Турмуштун айынан башы айланган эл сактанганды кой, ачкалыктан эптеп жанын сактап калыш үчүн оорусуна деле, вирусуна деле кайыл болуп эшикте жүрөт, болгон күчүн акча табуунун айласына кетирип.

Өкмөт, депутаты элге кошулуп кошо ооруп башташты, ооруга да кайыл, аларга өлкөнүн коопсуздугу, элдин ден-соолугу эмес, эртеңки шайоо, эптеп акча кылуу менен эле чектелип калышты... Айтор эртеңибиз туман! Элибиз аман болсун!", - деп жазган Бакыт Качкынов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости