www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалымдар кеңешинин төрагалык ордунда "тыңчы" же "корабашы" отурабы? Мындай пикирин бүгүн, 13-февралда жарандык активист Бакыт Нурдинов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Аалымдар Кеңешинин (АК) төрагасы Абибилла Кадырбердиевдин Орустардын мүфтийине жазган катты, өзү жана АКин кээ бир мүчөлөрү менен эле тымызын сүйлөшүп жазып жибергени бул чындык. Эмне дегенде эки күн мурун АКин кезексиз жыйынын алдында, бул маселени Абдышүкүр ажы Нарматов көтөрүп, Марс Ибраев АКне окуп бергенине өзүм күбөмүн. Ал кезде жыйынга Абибилла Кадырбердиев келе элек болчу. Ал келип жыйынды ачып, бизди жыйындан чыгартып ийген. АКин мүчөлөрүнүн айтуулары боюнча, Абибилла Кадырбердиев ал катты жазып жөнөткөнүн мойнуна алган…
Эң таңгалыштуусу эмне үчүн ошол жыйында анын жоопкерчилиги каралган эмес. Бул кылыгы биринчи эле эмес болчу. Ал төрт ай мурун дагы бир катты Азирети муфтий жана АКин мүчөлөрү менен кеңешбей түрүп, мусулмандардын Курултайын 2020 — жылдын декабр айында өткөрүш керек деп, ошол кездеги Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын директору З.Эргешовго жазып жибергенин билебиз. Билинип калганда, ал катты З.Эргешов жаздырган деп чыккан… Абибилла Азирети муфтий Максатбек ажыны кызматтан кетиргендердин алдынкы сабында.
Жакында эле анын диний диплому жасалма экенин, сатып алгандыгын укук кргоочулар айтып чыгышкан…
Айылдык молдодон кечээ эле шаарга келип, тездик менен көтөрүлүп кыска мөнөттө АКин төрагасына жетип дин чөйрөсүнө чалмакейди чалып аткан Абибилла кимдердин "тыңчысы" болду экен?
Эми АКи бул иш боюнча да тез жыйын өткөрүп, аны АКин төрагалыктан алып, аны кайра, келген айылына жөнөтпөсө болбой калды",- деп билдирген ал.

Эске салсак кечээ, 12-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уламалар Кеңеши, дин кызматкерлеринин арасында түзүлгөн кырдаалда маселени чечүүгө жардам сурап Россиянын муфтийине кайрылуу кат тууралуу маалымат тараган. Тийиштүү катка уламалар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости