www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында бүгүндөн тарта көчөт отургузуу иштери башталып, Бахапов көчөсүн бойлой бактар тигилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлады.
Ишембиликке катышкан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардыктарды айланага аяр мамиле кылууга чакырды.
«Шаардыктарды жана келген конокторду жасалып жаткан көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, тебелеп, жулуп кетип жаткан айрым бир терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырам. Бул иш-аракеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналат», — деди Сарыбашов.
2021-жылы «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.
Ал эми эрте жазда шаар көчөлөрүнө 7 миңге жакын жоогазын гүлү жана жалпысынан 2 миллиондой ар түрдүү гүлдөр отургузулат.
Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаар аймактарына 20 миң түп дарактын көчөттөрү отургузулат.
Булак: NazarNews.kg