www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» иши боюнча кармалгандар убактылуу кармоочу жайда жана УКМКнын СИЗОсундагы шарттарга нааразы болушпай эле. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда жаткан аткаминерлер — Өмүрбек Бабанов, ЖКнын депутаты Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Исхак Пирматов, Талант Узакбаев менен жолугушкан.
«Алардын бардыгы кыйноолорго дуушар болушпаганын жана кармоонун шарттарына нааразы болушкан жок», — деди Бакыт Рысбеков.
Мындан тышкары, борбордун жетекчиси экс-мэр Азиз Суракматов менен да жолукканын айтты. Маалыматка караганда анын да нааразычылыгы жок.
Булак: NazarNews.kg