www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Бишкекте «Сапат» («Себат») билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткандыгын билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg