www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы, Кыргызстандын облустарында жаңы жумуш орундарын түзүү, жана инфраструктурасын жакшыртууга түрткү боло турган бир катар институттук долбоорлорду даярдаган” – бул тууралуу Бакыт Төрөбаев бүгүн Ош шаарында фракциянын көчмө жыйынында билдирди.
“Бул долбоорлорду биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, ошондой эле КР Өкмөтүнүн колдоосу жана айыл-чарба бирикмелери аркылуу ишке ашырабыз. Эске сала кетсек, бизде “МТС”, “Жарык шаар”, “Өз жүрөгүңдү сакта” жана башка долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу тажрыйбалары бар. Аймактарды өнүктүрүү жылын жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн максималдуу пайдаланышыбыз керек деп эсептейм.” – деп баса белгиледи “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев
Булак: NazarNews.kg