www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бакыт Төрөбаев вице-спикерди шайлоо боюнча эсептөө комиссиясына «Ата Мекендин» депутаты төрага болгонуна нааразы экенин бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал «Ата Мекен» фракциясынан депутаттар бир нече комитеттин төрагасы экенин айтты.

«Бардык фракциялардан комитеттерде төрагалар бар. Эми мында дагы «Ата Мекен» фракциясынан депутатты эсептөө комиссиясынын төрагасы болду. Биз унчукпай отурабыз. Калыстык болуш керек да», - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар вице-спикерди шайлап жатат.

Эскерте кетсек, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости