www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай маанидеги пикирин Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосунун “Айлампа” берүүсүндө радио угармандын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анда угармандардын бири: “Мурунку депутаттар, тагыраагы, кайра-кайра депутат боло бергендер эмне үчүн ал жерден кеткиси келбейт? Эмне, алар депутаттыкты менчиктештирип алганбы? Ошон үчүн партия лидерлери шайлоонун сценарийин өздөрү түзүп жатышат. Анан өздөрү билип, шайлоо тизмесине бул кирсе болот, бул болбойт деп тандашат. Болбосо азыр кыргыздардын арасында эл үчүн иштейм дегендер толтура. Ошолор келип, кыргызды башкарбай, аларга кызмат кылыш керек! Буга эмне дейсиз?”, - деген суроо берген.
Ага Төрөбаев: “Баарыңар эле “лидер, лидер” деп айтасыңар. А лидер деген бул ишти уюштуруучу. Өзүңөр тизмени түзгүлө, бекиткиле деп бизге келген сунуштарды лидер саясий кеңешке, андан ары партиянын съездине алып чыгат. Эми азыр айтып жатышат, “менчиктештирип алышкан” деп. Ар бир адамды “сен барасың, сен барбайсың” деп айта албайсың да, эгерде ал шайлоого барам десе барат да... Мына, мени “сага болду” деп айтып жатышат, бирок, мен уялбайм! Анткени, мен Кыргызстанда эч кандай кылмыш жасаган эмесмин”, - деп жооп кайтарды.
Булак: NazarNews.kg