www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-октябрь Кыргыз Республикасынын ИИОнун ардагерлеринин күнүнө карата, Жалал-Абад облусунун аймагында «Ардагерден бир белек» аталышында акция жүргүзүлдү.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка караганда,  иш-чара учурунда Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын ардагерлери облустун шаар-райондорундагы төрөт үйлөрүнөн кабар алышты. Ардагерлер  жаңы төрөлгөн ымыркайларга өздөрү демилгелеп даярдап барышкан белектерин тапшырышып, ымыркайларга келечектеги мыкты инсан жана ырыскы, дөөлөтү менен болушун тилеп, ак баталарын берип кайтышты.

"Өз учурунда мындай белекти күтпөгөн, ансыз деле аман-эсен көз жарып, бала жытына бөлөнүп кубанычтары койнуна батпаган энелер уул-кыздары келечекте кыргыз мамлекетинин керегине жараган эр-азаматтардан болушун каалашып, ардагерлерге ыраазычылыктарын билдиришти", -деп айтылат маалыматта.

Последние новости