www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ президент жаңы Конституцияга кол койду, ошондой кийин бир топ мыйзамдар күчүнө кириши керек, деп билдирди бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жаңы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу өкмөт отставкага кетти деп саналат. Министрлер кабинетинин курамын түзгөнгө чейин президент жарлыгынын негизинде убактылуу Министрлер кабинетинин курамын түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт.

«Кечээ жарлык чыкты же мен туура эмес түшүнүп жатамбы… Кечээки Министрлер кабинети убактылуу дайындалды деп эсептейм. Анткени Конституциянын 80-беренесинин 6-пунктунда жазылып турат, Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасын жана анын орун басарларын, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет. Ушул процедура боюнча макулдук берүүгө ыйгарым укугубуз бар. Министрлер кабинети биз макулдук бергенден кийин дайындалышы керек. Урматтуу төрага, сиз ушул маселени Президенттин аппараты менен тактап коюңуз», - деди Төрөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости