www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Чүйдүн Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанова уурдалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлаган. Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

Уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып ата-энесине кайрылуу жасады. Мындай видео социалдык тармактарда тароодо."Ата, апа, кандайсыңар? Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Бул тууралуу мен сага ар дайым айтчумун. Бул үчүн баарыңардын урушканыңарды каалабайм. Чындыгында силердин алдыңарда ыңгайсыз болуп турам. Мен үчүн көп нерсе жасаганыңарды билем. Бирок мен да ушуну кааладым. Ата, апа, ушундай болуп калганы үчүн мени кечирип койгула.

Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле", - деп билдирди Курбанова өз кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости