www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов камакка алынды

Былтыркы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шектелип жатканын билдирди.

«Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен камакка алынды», - деди Турдалиев.

Адвокаттын айтымында Молдокматовдун бөгөт чарасы эртең, 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Молдокматов 6-майда түшкө чейин Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыккан. Ушул эле күнү ал кечке жуук кайрадан суракка барган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Ал эми Ички иштер министрлиги Молдокматовдун камалышы тууралуу расмий маалымат бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости