www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзү айыл чарбаны дегеле айылды кандай жол менен көтөрүү темасын жакшы билет эмеспи. Анын үстүндө быйылкы жыл дал ушул "аймактарды көтөрүү жылы" - деп жарыяланып калбадыбы. Ошол унутта калып кеткен айылдарды көтөрүүдө эл депутаты эң негизги коюлган пландарды аткарууда айыл өкмөтү, аким жана губернаторлордон баштоо керек экендигин айтты. - Алардан күн сайын эмне иш аткарылып жатканына кызыгып туруу керек. Кабинетте эле отура бербей, иштөө талабын аларга катуу коюш керек. Акимдерди, мэрлерди көзөмөлдөө мезгилдин талабы. Анткени быйылкы жыл абдан жоопкерчиликтүү жыл. Айылдардын потенциалы абдан көп, ошол эле, учурда пилоттук программалар менен иштөөнү үзбөш керек.
Ошондой эле, учурда ички дүң продукцияны экспортто, дыйкандарды ар тараптан колдоо, суу маселеси, инфраструктура сыяктуу бир топ көйгөйлөрдү чечүү керектигин билдирди.
Булак: NazarNews.kg