www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бакыт Эргешович, бул тармактагы адис катары кандай деп ойлойсуз, ун кымбатташы мүмкүнбү?

- Биздин ун базардын 95 пайызын казак компаниялары тейлеп, көзөмөлдөйт. Баа боюнча дагы, көлөм, сапаты боюнча дагы. Биздин жергиликтүү тегирмендер иштебей жатат, алардын уну да, буудайы да жок. Демек, казак компаниялары каалаган баасын коёт. Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, биз дайыма чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз.

- Антимонопололиялык комитет кырдаалга кийлигише алабы?

- Алар эч нерсе кыла алышпайт. Анткени, бул атаандаштык. Эгер бир компания рынокто 30 пайыз доминация кылса, ошондо гана кийлигише алат. Бир гана жол - жергиликтүү ун чыгаруучуларды колдош керек. Биздин өкмөт жергиликтүү тегирменчилерди колдоо максатында эмне кылууда? Кытайга ун сатабыз дешет. Буудайың жок болсо, кайсы унду сатасың? -деп Бакыт Төрөбаев "Азия news" гезитине берген маегинде айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости