www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок чын экендигин эки тарап тең ырасташкан.
Анда, Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында ал өлкөнүн лидери Режеп Тайип Эрдоганга АКШ президенти Дональд Трамптан кагаз кат келген.
Анда, "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп баштаган Трамп каттын аягында "Акмак болбо! Кийинчерек чалам" деп бүтүрөт.
Бул катты окуган түрк лидери аны таштандыга ыргытып салганын биринчилерден болуп Fox телекомпаниясынын журналисти Триш Риган "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.
Эске сала кетсек, өткөн аптада Түркия чек ара сызыгын кесип өтүп, Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик операция баштады. Түркия муну менен - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү максатын билдирген. Ал жакта азыркы учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу планы бар.
Булак: NazarNews.kg