www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул жолку парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты. Жазгандарына караганда, ал элди алдап парламентке келүү анын мүнөзүнө туура келбейт.

“Көп адамдар “Өнүгүү-Прогресс” партиясы бул шайлоого барбай калды, өзүңүз жеке башка партия менен барасызбы деп сурап жатышат, ушул суроого өзүм жооп берип коюуну туура көрдүм. Эгерде артка кылчайып карасак, 25 жылдан бери шайлоолорго катышып жүрдүм. Биринчи шайлоолордо атам Эргеш Төрөбаевичтин атынан бирден шайлоо участкаларында жооптуу болдум, андан соң айыл өкмөт, кийин шайлоо боюнча штабды жетектедим. Такшалгандан кийин өзүм жаңы саясий партияны түптөп, жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке жана Президенттик шайлоолорго катыштым. 1995-жылдардагы шайлоочунун көз карашы бүгүнкү күнгө чейин кандай өзгөргөндүгүнө өзүм күбө болдум.

Алдыдагы шайлоо боюнча.

Чындыгын айтканда, учурдагы пандемияга байланыштуу мен парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди өстүрүү жана өсүп келе жаткан жаш уул-кыздардын аң-сезимин жакшы жака өзгөртүү боюнча иш чараларга жумшайын деп чечтим. Чындыгында бул шайлоодо акча каражаттын атаандаштыгы болот, акча каражат көп кетет. Бүгүнкү күндө шайлоочунун көз карашында программа, идея жөнүндө эмес, ким канча берет экен деген суроону көп берип жатышат. Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы парламентти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт.

Бирок биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз.

Жалпы биздин тарапташтарга, жалпы жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем!”, – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости