www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биз биринчибиз!” деп сүйүнүчүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасына бөлүшкөн. Кубанычын мындай деп жазган:
“Достор, бүгүн жакшы кабарым менен бөлүшкүм келип жатат. Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайлоо бюллетенинде, саясий партиялар арасында, биринчи номурга ээ болдук.
Ырым-жырымдарга көп ишенбесем да, бирок бул жагымдуу жагдай биздин командабызга кошумча дем-күч берет деп ойлоймун. Шайлоочу үчүн, бул абдан деле маанилүү эмес экенин түшүнүп турабыз.
Биздин шайлоочуларыбыз – жер иштеткен дыйкандар!
Биздин партиябыздын эң башкы приоритеттерин бири болуп, агрардык тармакты колдоо болуп келет. Биз шайлоочуларыбызга убада бергенибизге ылайык, парламентке келгенден кийин, мамлекеттик деңгээлде райондук борборлордо мотор-трактордук станцияларды (МТС) ачуу боюнча институционалдык долбоорду киргиздик. Бүгүн алардын жалпы саны 50 МТС ашып, жыл сайын көбөйө беришине ишенебиз.
Эң башкысы – биздин дыйкандарыбызга, кредиттерди оңой жана аз пайызда алууга, өндүргөн азыгын ыкчам, сертификаттоо мүмкүнчүлүгүн берип, жагымдуу шарттарды түзүү керек. Негизи келечекте менин оюмча чоң айыл чарба өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик деңгээлде субсидиялоону колго алып, биздин дыйкандарыбызды ири айыл чарба кооперативдерге биригүүсүнө үгүттөө абзел. Достор, эгерде биз ушул эки маселени чече алсак, биздин агрардык тармагыбыз эки-үч жылдын ичинде өз күчү менен бутуна туруп кетет. Мен бул нерсеге ишенемин жана болгон аракетибизди жумшайбыз!»
Булак: «NazarNews.kg»