www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бал – беттеги кара тактарды кетирет

Балдын пайдасы айтып бүткүс. Аны жалаң пайдалуу тамак түрүндө гана эмес, сулуулук сактоочу каражат иретинде да колдонууга болот. Ошондуктан бал үйүңүздө милдеттүү түрдө болуусу керек.

Беттеги кара тактарды кетирүүчү бал маскасы:

5 кашык балга 1 кашык туз салып аралаштырабыз. Аралашманы бетке сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап жууп салуу кажет. Жумасына эки жолу кайталып туруу зарыл.

1 кашык ашкана содасын сууга эритип, 1 кашык бал кошобуз. Масканы бетке 10 мүнөттөй кармап, жылуу суу менен чайкайбыз. Маска бетти кара тактардан, өлгөн клеткалардан тазалайт.

Беттин сулуулугун ачуучу бал маскасы:

Дарыканадан ромашка сатып алып, эки кашык ромашкага кайнаган суу куябыз. Андан соң ага эки кашык бал кошуп, аралашмага эки көздүн орду атайын оюлган марлини саласыз. Марлини бетке коюп, 20 мүнөттөн кийин алып, бетти жууйсуз.

Мандарин ширесин сыгып алып, ага бир аш кашык бал кошуңуз. Даяр болгон каражатты бетке 15-20 мүнөткө коёсуз. Андан кийин жууп салыңыз.

2 кашык балды 1 кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетке сүйкөңүз. 15-20 мүнөттөн кийин жууп таштаңыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости