www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын катасынан, киргизген санкцияларынан улам соңку убакта глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал оорлошуп кетти. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин агро өнөр жай комплексинин кеңешмесинде билдиргенин РИА Новости жазды.
“Сиздер билгендей, глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал соңку эки жылдан бери оорлошкону байкалып турган. Дал ушул соңку эки жылдыкта. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк саясаты мындан эки жыл мурда эле тамак-аштын бааларынын көтөрүлүшүнө алып келген. Ал эми соңку жумалардагы кырдаал ого бетер курчуп жатат”, — деди РФ президенти.
Ошондой эле Путин дүйнөдөгү азык-түлүк запасы азайган учурда жаңы санкциялар киргизилип жатканын белгиледи.
“Ишканалардын ишине жана Орусия менен Беларустан жер семирткич ташууга бөгөт коюлууда. Ал эми Батыштын өзүндө жаратылыш газынын баасы асман чапчыганына байланыштуу жер семирткич өндүрүү солгундап жатат. Бул биздин Батыштагы өнөктөштөрдүн ишинин натыйжасы”, — деди ал.
Белгилей кетсек, Орусия азык-түлүк менен өзүн толук камсыздап келери айтылган.
Булак: NazarNews.kg