www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Бучадагы окуялар боюнча негизсиз айыптоодон карманууга чакырат, баары текшерилиши керек, кине коюу үчүн фактылар менен тастыкталышы абзел. Бул тууралуу Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Бучадагы жай тургундардын кырылышы тууралуу маалымат тынчсыздандырарын, бул жагдай жана окуянын конкреттүү себептери текшерилип аныкталышы керектигин белгиледи.

«Бардык айыптоолор фактыларга негизделиши зарыл. Корутунду чыкканга чейин тараптар кармана билип, негизсиз айыптоолордон оолак болушу керек», — деди Кытайдын өкүлү.

Ошондой эле ал Украинадагы кырдаалга байланышкан гуманитардык маселелерди саясатташтырбоого чакырган.

Ал эми санкциялар көйгөйдү чечүүнүн эффективдүү чарасы болуп саналбай турганын, алар тек гана жаңы көйгөйлөрдү жаратарын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости