www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул айда бала сатуу деген балекет бизнестин бети ачылып, бул маселе коомчулукта кызуу талкууну жаратып турат. Укуругу узун укук коргоо органдары бул кылмышка шектүү катары №18-бейтапканада иштеген 5 гинекологду кармады. Ал ортодо бул бала сатуу бизнесин жогорку кызматта иштегендер калкалайт экен деген кеп кетти, ал тургай ал мартабалуу адам ЖКдагы КСДПнын депутаты Гулкан Молдобекова экен деп социалдык түйүндөргө жазып чыгышты.

Бул боюнча Гулкан айым ак же көк деп койгонго жараган жок. Жалган жалаа болсо ар кимде ар кандай күдүк ойду туудурбай дароо жооп берип койсо болмок. Же жооп берүү ушунчалык оор иш болуп жатабы? Ак болсо акмын, так болсо такмын деп айтып койсо болмок. Баса, Гулкан айымдын күйөөсү, мурунку губернатор, мурунку депутат Мирбек Асанакунов Профсоюз мекемесине жетекчилик кызматка ызы-чуу менен келгени маалым. Ызы-чуу болуп жатып, азыр дымый тушту. Эмне кылып жатканы, эмненин ичинен чыгып аткан боюнча кабар деле жок. Деңгээли чак неме, ансыз деле баягы ментинен тайып калган профсоюзду айлап түшпөсө экен…

Булак: "Багыт"

Последние новости