www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала тили балбы же?..

22-июлда «Баластан» студиясында кичинекей бөбөктөрдүн алып баруучунун ар кандай суроолоруна берген жоопторуна жылмайып отурганбыз. Кеп, жакында эле укмуштай жогорку деңгээлде өткөрүлүп, экономикалык жагынан да киреше бергенден тышкары эгемен Россияны да дүйнө жүзүнө кайра тааныткан футболдун дүйнөлүк таймашына жеткенде беш жаштагы перзент кыз жооп берип оозду ачырды, эл караган бетибизди жер каратты:

«Кыргыздар спортко анча кызыкпагандыктан футбол чемпионатына барган жок. Анткени, алар акчага гана кызыгат» дегенде каткырган менен нокаутка учураган боксёрдой «сулк» эле жатып калдык.

Мына, беш жашар перзентибиз периштелик тазалыгы, баёолугу менен шайлооңо деле, майлооңо деле карабай эртең эмне болуп калам деп камырабай, кайсы бир партияга жан тартпай эле болгонун болгондой айтып койду. Эмне дейбиз… «Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол» деген бабалардын байыркы лакабына кошулуп, түшүнүгүнө баш иебизби же небере-чөбөрөлөргө оң таасир этчү эмки жүрүм-турумубузду калыптандырып, турмушубузду, таалим-тарбияны оңдоо менен кыргыз ооматын оожалта алабызбы?!

Балким, мынчалык Асан кайгыланбай эле эс-тутумга көңүл буруп, эски менен жаңынын жакшыларын пайдаланып, элибиздин каада-салтын жана эл менен бийликтин эриш-аркак адилет, калыс мамилесине басым коюп, башкалардын ар түркүн бастырындысына калбаш үчүн жан үрөө зарылдыр. Ал үчүн азыркы турмушубуздун айрым көрүнүштөрүнөн улам жаралган жана аларга жогоруда айтылган беш жашар бөбөктүн берген жообу да шыкак болгон ойлордон бир-экөөнү эл көңүлүнө салгыбыз келди.

Булак: «Азия ньюс»

Последние новости