www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-сентябрга карата “Бала ырысы” жөлөк пулу 232 миң 229 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын банктык эсептерине 285 млн 588 миң 480 сом которулган.
Бүгүнкү күндө айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде чагылдырылбай калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик ар бир учур боюнча себептерди аныктоо максатында банктар менен биргеликте маалыматтарды жекече салыштыруу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
"Себептер ар кандай жагдайларга байланыштуу болушу мүмкүн. Анын ичинде банк картасынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы, жеке маалыматтарды жаңыртуу зарылдыгы, банк эсебинин абалына байланыштуу өзгөчөлүктөр, ошондой эле эсептен автоматтык түрдө каражаттардын эсептен чыгарылышы же башка операциялардын жүргүзүлүшү мүмкүн. Айрым учурларда алуучу каражаттын түшкөнүн же андан кийинки эсеп боюнча акча каражаттарынын кыймылын дароо байкабай калышы мүмкүн", - деп белгилешти министрликтен.
Ошол эле учурда министрлик тарабынан банктар менен өз ара иштешүүнү улантып, төлөм алууга укугу бар ар бир алуучу белгиленген тартипте өзүнө тиешелүү каражаттарды алуусу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканы айтылды.