www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланын оозуна заара кылып, жандуу жерине чок баскан...

Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине нааразычылыгын Fakt.kg маалымат порталына билдирген. Анын айтымында, Ош шаарынын ХБК кичи районунун Касым Тыныстанов көчөсүндө жашаган 7 жаштагы И.А. аттуу1-класстын окуучусун 17 жаштагы И.У. 1-курстун студенти оозун скочтоп буттарын күйгүзүп, жандуу жерине чок басып кыйнаган.

Жабырлануучунун апасынын айтымында, оозуна заара кылып жут деп кыйнаган, мындан сырткары  бөтөлкөнүн ичине муздак суу куйуп башына, буттарына уруп кыйнаган. Кулактарына курт кумурскаларды салып ойногон. Оозуна бөтөлкөнүн капкагын салып, кир сууларды, кум таштарды жуттуруп кыйнап жүргөн.

“Милицияга арыз жазганымдан кийин экспертиза дайындалды жыйынтыгында анча оор эмес жараат, бирок эч жери күйгөн эмес деген чечим чыгарылды. Милиция ачылган кылмыш ишин кыскартып жаап коюшту, укук коргоочулар укук коргобой эле кордоп жатат”, -  деп кошумчалады жабырлануучунун апасы. Учурда Fakt.kg жогорку окуяны иликтөөгө алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости