www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңги каражатты ташып киргизүү жана  атайын жабдууланган цехте өстүрүү  менен  алектенген каналга бөгөт коюлду.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып,  кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости